# КР 2015-жылдын 21-майындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 21-майындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 108
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1972/edition/1197083/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 21-майындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111151

---

КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 21-майы № 108 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111151/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 29-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту "дайындоого" деген сөздөн кийин ", жактыруу" деген сөз менен толукталсын.

2. 51-беренесинин 5-бөлүгү "бардык мыйзам долбоорлорун" деген сөздөрдөн кийин "бириктирүүнү же" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Мамлекеттик тилдеги 61-берененин 1-бөлүгү "тарабынан" деген сөздөн кийин "мыйзам" деген сөз менен толукталсын.

4. 124-беренеде:

1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "дайындоого" деген сөздөн кийин ", жактыруу" деген сөз менен толукталсын; 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында "15 күндүн ичинде" деген сөздөр "14 күндөн кечиктирбестен" деген сөздөргө алмаштырылсын; 8-бөлүгү "дайындоого" деген сөздөн кийин ", жактыруу" деген сөз менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111151/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 26-майында № 48-49 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
