# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111150)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 20-майындагы № 107 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 107
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111150/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1971/edition/1120006/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111150/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111150/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 212-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 10 жана 11-пункттар менен толукталсын:

"10) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчаларынын);

11) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелердин.".

2. 38-глава төмөнкүдөй мазмундагы 251-1 жана 251-2-беренелер менен толукталсын:

"251-1-берене. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары) тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн берими Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчалары) тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн берими КНСтен бошотулган берим болуп саналат.

---

Кийинки берене: [251-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111150/st-251-2)
