# 234-3-статья. Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине автомобиль жана суу транспортунун субъекттеринин ишине мыйзамдуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111148)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 19-майындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111148/st-234-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1969/edition/649009/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 234-3-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111148/st-234-3

---

Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине автомобиль жана суу транспортунун субъекттеринин ишине мыйзамдуу текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

5. 511-статьянын 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацы "212," цифраларынан кийин "213-9," цифралары менен толукталсын.

6. 516-статьяда:

1-бөлүктө:

- "213-1 - 213-6" цифралары "213-1 - 213-4, 213-6 - 213-8" цифралары менен алмаштырылсын;

- бөлүк "234," цифраларынан кийин "234-2, 234-3-статьяларында," деген цифралар жана сөз менен толукталсын;

2-бөлүктө:

- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;

- төртүнчү абзацтагы "облустук" деген сөз "башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "213-5-статьяда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жазаны колдонууга төмөнкүлөр укуктуу:

- салмак-габариттик параметрлердин сакталышын контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана орун басары;

- салмак-габариттик параметрлердин сакталышын контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык салмак-габариттик контролдоо пункттарынын начальниктери;

- салмак-габариттик параметрлердин сакталышын контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мобилдүү топторунун улук кызматкерлери.".

7. 564-статьянын 8-пунктчасы "режим бузулганда" деген сөздөрдөн кийин "жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан киргизилген администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомду аткаруу үчүн" деген сөздөр менен толукталсын.

8. 567-статьянын 4-бөлүгү "жол кыймылынын коопсуздугуна" деген сөздөрдөн кийин "жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [213-9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111148/st-213-9)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111148/st-2)
