# 213-9-статья. Жеңил таксилер тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташуу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111148)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 19-майындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111148/st-213-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1969/edition/649009/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 213-9-статья (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111148/st-213-9

---

Жүргүнчү жана жүк ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдаланылган жеңил автомобилде жеңил таксини билдирген айырмалоочу белгилемелердин болбошу - айдоочуга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Автобекеттер жана автостанциялардын аймактарынан тышкаркы жерлерден жүргүнчүлөрдү жеңил таксилер менен шаар аралык жана эл аралык каттамдарда ташуу (диспетчердик кызматтын буйрутмасы боюнча ташуудан тышкаркы) - айдоочуга - эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

4. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 234-2 жана 234-3-статьялар менен толукталсын:

"234-2-статья. Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо Автомобиль жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

---

Мурунку берене: [213-8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111148/st-213-8)  
Кийинки берене: [234-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111148/st-234-3)
