# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111148)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 19-майындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 105
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111565)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111148/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1969/edition/649009/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111148/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 1-берене (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111148/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 213-5-статьяда:

статьянын аталышындагы жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "нормаларын" деген сөз "параметрлерин" деген сөз менен алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Эгерде бул ири өлчөмдүү жана оор салмактуу жүктөрдү ташуу талаптарын бузууга алып келсе, жүк жөнөтүүчү тарабынан жүктүн массасы жана өлчөмдөрү жөнүндө туура эмес маалыматтарды берүү, - жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".

2. 213-6-статьяда:

статьянын аталышы жана биринчи абзацы "Автобекеттер" деген сөздөн мурда "Юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле" деген сөздөр менен толукталсын; экинчи абзац "кызмат адамдарына" деген сөздөрдөн мурда "жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө," деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 213-7 - 213-9-статьялар менен толукталсын:

"213-7-статья. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан эмгек жана эс алуу режимин бузуу Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууда контролдоочу түзүлүштөрсүз (тахографсыз) же өчүрүлгөн тахографты колдонуу менен, ошого тете эле, толтурулбаган тахограммалар менен, же болбосо айдоочулардын эмгек жана эс алуу режимин чагылдыруучу каттоо баракчаларын жүргүзбөстөн жүк ташуучу транспорт каражатын же автобусту айдоо - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруучу жүк ташуучу автотранспорт каражатынын же автобустун айдоочусу тарабынан эмгек жана эс алуунун белгиленген режимин бузуу, - эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

---

Кийинки берене: [213-8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111148/st-213-8)
