# КР 2015-жылдын 18-майындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 18-майындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 104
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1968/edition/648115/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2015-жылдын 18-майындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Мыйзамы (18.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111147

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 18-майы № 104 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111147/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21- жана 22-пункттар менен толукталсын: "21) белгиленген талаптарды аныктоого жана алардын андан ары сакталышына контролдук кылууга, анын ичинде сырткы видеобайкоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иштерди координациялоого, ошондой эле сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдылган объекттердин реестрин жүргүзүүгө;

22) сырткы видеобайкоо тутумун орнотууда ракурс жана көрүнүп туруу бурчун макулдашууга.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111147/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 22-майында № 46-47 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
