# 9-берене. СВБТнын объекттер тарабынан орнотулушу

- Документ: [Сырткы видеобайкоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111146)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 18-майындагы № 103 "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1967/edition/1185576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111146/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сырткы видеобайкоо жөнүндө, 9-берене (20.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-9

---

1. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бекитилген СВБТ менен жабдыла турган уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объекттеринин тизмесине ачык мүнөздөгү объекттер кирген учурда алар СВБТ менен жабдылат.

2. Тиешелүү объектиге СВБТ орнотулган учурда менчик ээси (жетекчи) орнотулуп жаткан СВБТнын ракурс жана көрүнүп туруу бурчун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга тийиш.

СВБТны орнотууну макулдашуунун жүрүшүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарына жабдуунун техникалык параметрлери боюнча кошумча эрежелерди талап кылууга тыюу салынат.

3. Ишкердикти жүзөгө ашырууга байланышпаган турак жай объекттерин кошпогондо, СВБТнын түзүлүштөрүн сатып алууга жана орнотууга чыгымдар, ушул Мыйзамга ылайык, СВБТ менен жабдыла турган объекттин менчик ээсинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

4. Коомчулукка жеткиликтүү болушу үчүн ачык жайларда (аянттар, муниципалдык базарлар, сейил бактар, гүлбакчалар, автожолдор, көчөлөр, саябандар, жолдордун кесилиштери, көпүрөлөр, темир жол өтмөлөрү, транспорт түйүндөрү, тоннелдер) СВБТны орнотууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-10)
