# 8-берене. СВБТ менен жабдуу чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

- Документ: [Сырткы видеобайкоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111146)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 18-майындагы № 103 "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2022 года № 46 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О наружном видеонаблюдении""](https://aqlex.ai/kg/doc/112378)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.06.2022 [Закон КР от 20 июня 2022 года № 46 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О наружном видеонаблюдении""](https://aqlex.ai/kg/doc/112378); 10.02.2017 [Закон КР от 10 февраля 2017 года № 24 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О наружном видеонаблюдении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111532)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111146#diff=1185577..1185578>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1967/edition/1185576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111146/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сырткы видеобайкоо жөнүндө, 8-берене (20.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-8

---

1. СВБТ менен жабдуу жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу коомдук тартипти, инсандын, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ишке ашырылат.

СВБТга карата техникалык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Коомдук тартипти, инсандын, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) СВБТны түзүү, өркүндөтүү жана өнүктүрүү жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;

2) СВБТны орнотууда ракурс жана көрүнүп туруу бурчун макулдашуу;

3) СВБТнын талаптарын жана максаттуу программаларын иштеп чыгуу;

4) СВБТнын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду даярдоо боюнча иштерди координациялоо;

5) СВБТ менен жабдылган объекттердин реестрин түзүү.

3. Мамлекеттик менчикте турган объекттерди кошпогондо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына СВБТ менен жабдылууга тийиш болгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объекттеринин тизмесин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитүү кирет.

(КР 2017-жылдын 10-февралындагы № 24, 2022-жылдын 20-июнундагы № 46 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-9)
