# 7-берене. СВБТ менен жабдыла турган объекттер

- Документ: [Сырткы видеобайкоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111146)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 18-майындагы № 103 "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1967/edition/1185576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111146/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сырткы видеобайкоо жөнүндө, 7-берене (20.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-7

---

Жалпы аянты 40 чарчы метрден ашпаган жеңилдетилген типтеги объекттерди кошпогондо, СВБТнын объекттерине төмөнкүлөр кирет:

1) коомчулукка жеткиликтүү болушу үчүн ачылган жайлар (аянттар, базарлар, сейил бактар, гүлбакчалар, автожолдор, көчөлөр, саябандар, жолдордун кесилиштери, көпүрөлөр, темир жол өтмөлөрү, транспорт түйүндөрү, тоннелдер) жана ага жакын жайгашкан аймактар;

2) өнөр жайлык жана башка өндүрүштүк иш же башка ишкердик жүзөгө ашырылган имараттарга, курулуштарга жакын жайгашкан аймак;

3) турак жай, коомдук, администрациялык, көп функциялуу жана өндүрүштүк эмес имараттарга жакын жайгашкан аймак;

4) автоунаалар токтотулуучу жайлар, кооперативдик гараждар.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-8)
