# 4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Сырткы видеобайкоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111146)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 18-майындагы № 103 "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1967/edition/1185576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111146/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сырткы видеобайкоо жөнүндө, 4-берене (20.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-4

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: видеобайкоо - бул укук бузууларды автоматтык түрдө белгилөө жана ушул Мыйзамда каралган учурларда кийин пайдалануу үчүн сактоо максатында көрүнүштөрдү визуалдуу контролдоого же автоматтык түрдө талдоого арналган оптикалык-электрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен жүзөгө ашырылуучу процесс; оператор - видеобайкоону иштетүүнү уюштуруучу жана (же) жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган, муниципалдык орган, юридикалык же жеке жак; жеке мүнөздөгү маалыматтар (жеке маалыматтар) - конкреттүү адамга окшоштурулган же конкреттүү адамга окшоштурулушу мүмкүн болгон конкреттүү адам жөнүндө материалдык булакта жазылган маалымат, ал ушул адамдын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык түрүнө мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго шилтеме жасоо аркылуу аны тикелей же кыйыр идентификациялоого мүмкүндүк берет. Жеке маалыматтарга өмүр баяны жана таанылуучу маалыматтар, жеке мүнөздөмөлөр, үй-бүлө абалы, каржылык абалы, ден соолугунун абалы жөнүндө жана башка маалыматтар кирет; сырткы видеобайкоо тутуму (мындан ары - СВБТ) - кийин кайра көрүү, угуу мүмкүнчүлүгү менен көрүнүштөрдү жана үндү жазуу үчүн жабдуу; үчүнчү жактар - СВБТ объектинин менчик ээсинен, жетекчисинен, операторунан башка бардык жактар.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-5)
