# 11-берене. СВБТнын материалдарына жеткиликтүүлүк

- Документ: [Сырткы видеобайкоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111146)
- Толук аталышы: КР 2015-жылдын 18-майындагы № 103 "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 103
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1967/edition/1185576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111146/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сырткы видеобайкоо жөнүндө, 11-берене (20.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, негиздер боюнча жана тартипте СВБТ объекттеринин менчик ээлери (жетекчилери) тиешелүү видеожазуунун көчүрмөсүн тергөө, алгачкы текшерүү органдарына же сотко берет.

2. СВБТ үчүнчү жактардын санкцияланбаган жеткиликтүүлүгүнөн корголууга тийиш.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген учурларды кошпогондо, СВБТнын объекттеринин менчик ээлерине (жетекчилерине), ошондой эле СВБТга жеткиликтүүлүгү бар адамдарга, кызматтык милдеттерден улам, үчүнчү жактарга видеожазууларды берүүгө же видеожазууларда камтылган маалыматты жарыя кылууга, бул маалыматты же видеожазууну жеке кызыкчылык же үчүнчү жактардын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга, ошондой эле үчүнчү жактардын ушундай колдонуусуна тикелей же кыйыр түрдө мүмкүнчүлүк берүүгө тыюу салынат.

4. СВБТнын материалдарына жеткиликтүүлүгү бар жак ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн, анын ичинде СВБТнын материалдарынан алынган маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.

5. СВБТда жазылып калган материалдар үч ай бою сакталууга тийиш.

6. СВБТнын видеожазууларын пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111146/st-12)
