# 9-берене. Мамлекеттик чек араны күтүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278742..1278743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 9-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-9

---

1. Мамлекеттик чек араны күтүү чек ара белгилерин орнотуу, сактоо жана оң абалда кармоо, аларды контролдук кароо, Мамлекеттик чек аранын өтүүсүн чектеш мамлекеттер менен бирдикте текшерүүнү биргелешип өткөрүү тартибин өзүнө камтыйт.

2. Мамлекеттик чек араны күтүүнүн жана Мамлекеттик чек аранын инфратүзүмүн түзүүнүн кызыкчылыктарында Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жеринде кургакта Мамлекеттик чек арага түздөн-түз бойлото өтүүчү 50 метрге чейинки жазылыктагы, ал эми зарыл болгондо чек ара дарыяларынын жана башка көлмөлөрдүн суусунун кыргыз бөлүгүнүн жээги боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү жерлерде жана тартипте туруктуу пайдаланууга жер тилкеси бөлүнүп берилет.

3. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык улуттук жана чек ара коопсуздугун коргоо максатында Мамлекеттик чек арага жанашкан, чек арага канатташ аймактарда жашаган жарандарга таандык мүлкүн - жер участокторун алууга жол берилет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менчик ээлери же жер пайдалануучулар тарткан чыгашаны компенсациялоо же чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер участогу мамлекеттик муктаждык үчүн алынганына байланыштуу аларга тең баадагы башка жер участогун берүүгө милдеттүү. (КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-10)
