# 8-берене. Мамлекеттик чек ара режими

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 8-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-8

---

1. Мамлекеттик чек ара режими Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгиленет.

2. Мамлекеттик чек ара режими төмөнкү эрежелерди камтыйт:

1) Мамлекеттик чек араны күтүү;

2) Мамлекеттик чек араны кесип өтүү;

3) Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, унаа каражаттарын өткөрүү, Мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып өтүү;

4) чек ара араздашууларын чечүү;

5) чек ара тилкесине кирүү, убактылуу болуу, жашоо жана жер которуу;

6) Мамлекеттик чек арада чарбалык, аңчылык же башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү.

3. Мамлекеттик чек ара режими Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде колдонулат жана Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен болгон өз ара мамилелерине байланыштуу бардык маселелерди укуктук жөнгө салуу максатында белгиленет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-9)
