# 7-берене. Мамлекеттик чек араны жабдуулоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 7-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-7

---

1. Мамлекеттик чек араны жабдуулоо Мамлекеттик чек араны кайтаруунун жана чек ара коопсуздугунун кызыкчылыктарына жараша жүзөгө ашырылат жана өткөрүү пункттарында контролдоону уюштуруу жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кайтарылышын камсыз кылуу үчүн зарыл материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүнү, анын ичинде долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, жабдууну жана Мамлекеттик чек арада транспорттук жана инженердик инфратүзүмдү түзүүнү, имараттарды, жайларды, курулмаларды, маалыматтык жана телекоммуникациялык тутумдарды техникалык жабдууну камтыйт.

2. Мамлекеттик чек араны жабдуулоо Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу түздөн-түз жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-8)
