# 52-берене. Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларын (кызматчыларын) жана башка адамдарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн укуктук коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278742..1278743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 52-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-52

---

1. Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларына (кызматчыларына) жана башка жарандарга, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын өмүрүн, ден-соолугун, ар-намысын, кадыр-баркын жана мүлкүн укуктук жана социалдык коргоо кепилденет.

2. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары тарабынан кызматтык ишти жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана жергиликтүү органдар жана алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган ыйгарым укуктарынын алкагынан чыга албайт.

3. Чек ара ыйгарым укуктууларынын өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу алар Мамлекеттик чек араны кайтаруу менен байланышкан кызматтык милдеттерди аткарууда курман болгон, мертинген же жаракат алган учурда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары менен бирдей жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-53)
