# 51-берене. Чек ара ыйгарым укуктуулары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278742..1278743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 51-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-51

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары Мамлекеттик чек араны кайтаруу жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кызматтык-күжүрмөн милдеттерин аткарууга көмөк көрсөтүү үчүн милдеттүү түрдө эмгек келишимин түзүү менен чек ара ыйгарым укуктуулары катары тартылышы мүмкүн.

2. Чек ара ыйгарым укуктуулары аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү болуп саналат.

Чек ара ыйгарым укуктуусунун мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, аны мазактоо, коркутуу, зомбулук көрсөтүү же анын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлкүнө кол салуу, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруусуна тоскоолдук кылуучу башка аракеттер Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

3. Төмөнкүдөй адам чек ара ыйгарым укуктуусу боло алат:

- Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, башка мамлекеттин жарандыгы болбогон;

- мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөгөн;

- соттолгондугу мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынган же жоюлган;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген;

- чек арага чектеш аймактарда туруктуу негизде жашаган.

4. Чек ара ыйгарым укуктууларынын ишин уюштуруу, эмгек акы төлөө тартиби, негизги функциялары жана милдеттери, саны, ошондой эле укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-52)
