# 50-берене. Жеке жана юридикалык жактардын Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттери жана укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278742..1278743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 50-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-50

---

1. Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар белгиленген Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режимин сактоого, көмөк көрсөтүүгө жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Мамлекеттик чек ара режиминин, чек ара режиминин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режиминин сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын талаптарын аткарууга милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын жарандары Мамлекеттик чек араны кайтарууга ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катышууга укуктуу.

Мамлекеттик чек араны кайтарууга жарандарды тартуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Мамлекеттик чек араны кайтарууга белгиленген тартипте катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттин социалдык жана укуктук коргоосуна укуктуу.

3. Чек арага чектеш аймактарда өз иштерин жүзөгө ашыруучу, уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында Мамлекеттик чек араны кайтарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана башка компетенттүү органдарга көмөк көрсөтүүгө, алардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга, алардын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

4. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын Мамлекеттик чек араны кайтарууга көмөктөшүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-51)
