# 5-берене. Мамлекеттик чек аранын өтүүсүн белгилөө жана өзгөртүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 5-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-5

---

1. Мамлекеттик чек ара Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланууга жаткан Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык белгиленет жана өзгөртүлөт.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Мамлекеттик чек араны белгилөө Мамлекеттик чек араларды делимитациялоону, демаркациялоону, кайра демаркациялоону өзүнө камтыйт.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, Мамлекеттик чек ара төмөнкүдөй белгиленет:

1) кургак жерде - мүнөздүү чектер, рельефтин багыттары же даана көрүнгөн ориентирлер боюнча (тоолуу райондордо сөзсүз тоолордун суу менен бөлүнүшү, кыркалары боюнча);

2) дарыяларда - алардын ортосу боюнча же дарыянын башкы нугунун ортосу боюнча;

3) көлмөлөрдө - Мамлекеттик чек аранын көлмөнүн жээктерине чыккан жерлерин бириктирген түз тилке боюнча;

4) суу сактагычтарда, гидротүйүндөрдө жана башка жасалма көлмөлөрдө - алар толтурулганга чейин Мамлекеттик чек ара өткөн жерлерге ылайык;

5) чек ара дарыялары аркылуу өтүүчү темир жол жана автомобиль жолдорунун көпүрөлөрүндө, плотиналарда жана башка курулмаларда - Мамлекеттик чек аранын сууда өтүшүнө карабастан, ал курулмалардын ортосу же алардын технологиялык огу боюнча.

4. Чек ара тилкесинде, анын ичинде чек ара дарыяларында мүмкүн болуучу ар кандай табигый өзгөрүүлөр Мамлекеттик чек ара тилкелеринин өтүшүнө кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келбейт.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-6)
