# 49-берене. Мамлекеттик чек араны кайтарууда өз ара аракеттенүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 49-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-49

---

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча көмөк көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар:

1) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү аларга жүктөлгөн милдеттенмелерин аткарууда бири-бирине маалымдоону жүзөгө ашырат;

2) Мамлекеттик чек арада өз күчтөрүнүн жана Мамлекеттик чек араны кайтарууга катышкан же Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарын козгогон ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын, ишканалардын (менчигинин түрүнө карабастан), мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;

3) Мамлекеттик чек араны кайтарууда чектеш мамлекеттердин тиешелүү органдары менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери аркылуу белгиленүүчү тартипте ведомстволор аралык мүнөздө өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.

2. Мамлекеттик чек араны кайтарууга көмөк көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын биргелешкен аракеттерин координациялоо Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-50)
