# 47-берене. Кара күчтү, атайын каражаттарды жана кызматтык иттерди колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278742..1278743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 47-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-47

---

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары өзүн-өзү коргоо, укук бузууларга бөгөт коюу жана болтурбоо, аларды жасаган адамдарды кармоо, мыйзамдуу талаптарга каршылыкты жана баш ийбөөчүлүктү жоюу, жайларга, аймактарга, унаа каражаттарына мыйзамдуу кирүүгө жана жүктөлгөн милдеттерди жана милдеттенмелерди аткарууга тоскоол болгон башка аракеттерге тоскоолдук кылуу максатында, эгерде күч колдонбоочу ыкмалар бул милдеттенмелерди аткарууну камсыз кыла албаса кара күч колдонууга, анын ичинде күрөштүн күжүрмөн ыкмаларын жана колдо бар каражаттарды колдонууга укуктуу.

2. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жүктөлгөн милдеттенмелерди аткарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары төмөнкү учурларда атайын каражаттарды колдонуу укугуна ээ:

1) эгерде алар качып кетиши, жанындагылардын же өзүнүн ден-соолугуна зыян келтириши мүмкүн деп болжолдоого жетиштүү негиз бар болсо, кармалган адамдарды коштоодо жана кайтарууда;

2) Мамлекеттик чек арада укук бузууларга бөгөт коюу максатында объекттерди же унаа каражаттарын ачуу, ошондой эле аларды бузуп ажыратуу үчүн;

3) аскер кызматчыларына же башка жеке жактарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн; барымтадагыларды бошотуу боюнча көмөк көрсөтүүдө;

4) Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарында жалпы башаламандыкка бөгөт коюу үчүн;

5) башка укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле зарыл коргонуу үчүн жана өтө зарыл учурда.

3. Атайын каражаттарды төмөнкүлөргө карата колдонууга тыюу салынат:

1) алар тараптан куралдуу же болбосо тобу менен кол салуу учурларын кошпогондо, кош бойлуулук белгилери байкалып турган аялдарга, анык майыптык белгилери бар адамдарга, алардын жаш курагы ачык билинген же белгилүү жашы жетпегендерге;

2) эгерде бул даана кокусунан же кырсыктын же болбосо ал жеткис факторлордун кесепетинен болсо (болуп жатса) мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн (өтүп жаткан) жеке жактарга.

4. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнүн өздүк курамы тарабынан пайдаланылуучу атайын каражаттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Мамлекеттик чек араны кайтарууда кызматтык иттер төмөнкүдөй пайдаланылат:

1) чек ара кезметтерин жана өздүк коопсуздукту күчтөндүрүү үчүн;

2) Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүгө тыюу салынган аткезчилик жана башка жүктөрдү издөө жана табуу үчүн;

3) Мамлекеттик чек араны жана анын режимин бузуучуларды издөө, изине түшүү, кармоо, кайтаруу жана коштоо үчүн;

4) укук бузуучуларга күч колдонуу, психологиялык, тосмолоо жана башка таасир көрсөтүү үчүн.

Кызматтык иттерди колдонуу алдында аларды колдонуу жөнүндө даана айтылган эскертүү берилүүгө тийиш.

6. Чек ара ыйгарым укуктуусу жүктөлгөн милдеттерин аткарууда төмөнкү учурларда атайын каражаттарды колдонууга укуктуу:

1) эгерде алар качып кетиши, жанындагыларга же өзүнүн ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн деп болжолдоого жетиштүү негиз бар болсо, кармалган адамдарды чек ара кезметинин курамында коштоодо жана кайтарууда;

2) аскер кызматчыларына жана башка жеке жактарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;

3) башка укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле зарыл коргонуу үчүн жана өтө зарыл учурда.

7. Чек ара ыйгарым укуктуусуна төмөнкүлөргө карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат:

1) кош бойлуулуктун белгилери көрүнөө билинип турган аялдарга, майыптыктын белгилери даана көрүнүп турган адамдарга, алардын жаш курагы ачык көрүнгөн же белгилүү болуп турган жашы жете электерге, көрсөтүлгөн адамдар тарабынан куралдуу каршылык көрсөткөн, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген топтошкон же болбосо башка кол салуу учурларын кошпогондо;

2) Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн (өтүп жаткан) жеке жактарга, эгерде бул атайылабастан же кырсыктын же болбосо ал жеткис күчтүн башка факторлорунун кесепетинен болсо (болуп жатса).

(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-48)
