# 46-берене. Кара күч, атайын каражаттарды, кызматтык иттерди, курал жана күжүрмөн техниканы колдонуу шарттары жана чектери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278742..1278743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 46-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-46

---

Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары кара күчтү, атайын каражаттарды, табелдик куралды жана штаттык күжүрмөн техниканы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте колдонууга укуктуу. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарууда чек ара ыйгарым укуктуулары атайын каражаттарды, куралды алып жүрүүгө жана колдонууга, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кара күч колдонууга укуктуу. Чек ара ыйгарым укуктууларына атайын каражаттарды жана куралды берүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-47)
