# 45-берене. Кызмат өтөө жана келишим (контракт) боюнча иштөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 45-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-45

---

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер бөлүктөрүндө жана бөлүкчөлөрүндө аскердик кызмат өтөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн кадрларды жана адистерди даярдоо, кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын жогорку аскердик-окуу, жогорку жана атайын-орто окуу жайларында, окуу борборлорунда (мектептерде), ошондой эле макулдашуу (келишим) боюнча чет өлкөлүк аскердик окуу жайларында жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда анык аскердик кызмат өтөөгө Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чакырылат.

4. Аскер кызматчылары өздөрүнүн кызматтык милдеттенмелерин аткарууда бийлик өкүлдөрү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда болушат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынан башка эч кимдин алардын кызматтык ишине кийлигишүүгө укуксуз.

Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын жана жарандардын Мамлекеттик чек араны коргоо боюнча милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу, алардын өмүрүнө, ден-соолугуна, ар-намысына жана абийирине, мүлкүнө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

5. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бардык бөлүкчөлөрү менен Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча кызмат өтөө күжүрмөн нөөмөт (күжүрмөн кызмат) болуп саналат.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-46)
