# 43-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттенмелери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032); 23.05.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342); 15.01.2021 [Закон Кыргызской Республики от 15 января 2021 года № 5 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, законы Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики", "О пограничных уполномоченных")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112166); 01.12.2017 [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"](https://aqlex.ai/kg/doc/111706)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278744..56696>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 43-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-43

---

Мамлекеттик чек араны кайтарууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Мамлекеттик чек аранын жеринде өтүүсүн өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагын мыйзамсыз ээлеп алууга карата ар кандай аракеттерге бөгөт коюуга;

2) Мамлекеттик чек араны бузуучуларды аныктоого жана аларды кармоого;

3) Кыргыз Республикасын коргоо, ошондой эле өзгөчө же согуштук абал режимдерин камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүүгө өзүнүн компетенциясынын чектеринде катышууга;

4) Кыргыз Республикасынын аймагына куралдуу кол салуунун мизин кайтарууга, Мамлекеттик чек арадагы куралдуу жана башка чагымдарга бөгөт коюуга, калкты, мамлекеттик жана жеке менчикти көрсөтүлгөн кылмыштуу кол салуулардан коргоого;

5) адамдардын жана унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек арадан белгиленбеген өткөрүү пункттарынан тышкары же болбосо Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынан мыйзамсыз ыкмалар менен өтүү аракеттеринин алдын алууга жана бөгөт коюуга;

6) талаптагыдай жол-жоболоштурулган документтери болгондо жана контролдун белгиленген түрлөрүнөн өтүүдө адамдарды жана унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүнү белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;

7) Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режиминин аткарылышын камсыз кылууга;

8) чек ара режиминин, ички суулар режиминин сакталышын контролдоого, өз компетенциясынын чектеринде укук бузуулардын алдын алууга;

9) Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү же Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна документтерин текшерүүгө, аларга тийиштүү белгилерди коюуга, ошондой эле жараксыз документтерди алып коюуга;

10) Мамлекеттик чек араны бузуучуларды, Мамлекеттик чек ара аркылуу алып өтүүгө тыюу салынган жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды табуу максатында унаа каражаттарын, товарларды жана жүктөрдү карап чыгууга (кароого);

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө уруксаты жок чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын кирүүсүн чектөөгө;

12) соттун чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары менен белгиленген мөөнөттө аткарбаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чыгуусун чектөөгө;

12-1) сот актысынын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын чыгуусун чектөөгө;

13) документтери жараксыз адамдарды, ошондой эле Мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө мыйзамдуу негиздери жок адамдарды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрбөөгө;

14) чет мамлекетте же Кыргыз Республикасында жүргөн мезгилде инсандыгын ырастоочу документтерин жоготуп алган Кыргыз Республикасынын жарандарын жана башка адамдарды алардын инсандыгын жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандуулугун тактаганга чейин өткөрүү пункттарында калтыруу менен Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрбөөгө;

15) Мамлекеттик чек арада кылмыш жана (же) жоруктарды жасаган адамдарды, алардын эркин жүрүү аракетин чектөө менен аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү же болбосо жеткирүү максатында, анын ичинде алардын башка кол салууларды жасоо мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюу максатында кармоону жүзөгө ашырууга;

16) ушул Мыйзам менен белгиленген режимдерди бузууга жол берген унаа каражаттарын токтотууга, кароого жана кармоого, укук бузуу жагдайларын териштирүү үчүн аларды Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнүн карамагына жеткирүүгө (коштоого);

17) Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө же Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууга тыюу салынган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү жардыруучу, ууландыруучу, радиоактивдүү заттарды, баңги каражаттарын, куралдарды, ок-дарыларды, башка жүктөрдү жана товарларды, ошондой эле белгиленген эрежелерди бузуу менен өткөрүлүүчү жүктөрдү жана товарларды өз алдынча же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте белгиленген тартипте кармоого жана алып коюуга;

18) коргоо маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аба мейкиндигиндеги Мамлекеттик чек араны кайтарууга көмөк көрсөтүүгө;

19) ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен каралган башка милдеттенмелерди аткарууга.

(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2021-жылдын 15-январындагы № 5, 2022-жылдын 18-январындагы №4, 2023-жылдын 23-майындагы № 108, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-44)
