# 42-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 42-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-42

---

Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Мамлекеттик чек араны кайтаруу;

2) Мамлекеттик чек араны жабдуулоо;

3) Мамлекеттик чек ара режимин, Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди жана чек ара режимин камсыз кылуу;

4) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында чек ара контролун жүзөгө ашыруу;

5) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Мамлекеттик чек ара жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу, Мамлекеттик чек араны делимитациялоого, демаркациялоого, кайра демаркациялоого катышуу;

6) Кыргыз Республикасынын коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин чечүүгө катышуу;

7) Мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоого катышуу;

8) чек ара мейкиндигинде жарандарды, жаратылыш байлыктарын жана айлана-чөйрөнү коргоодо, Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын сактоодо Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана жаратылышты коргоо органдарына көмөк көрсөтүү.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-43)
