42-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Мамлекеттик чек араны кайтаруу;
2) Мамлекеттик чек араны жабдуулоо;
3) Мамлекеттик чек ара режимин, Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди жана чек ара режимин камсыз кылуу;
4) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында чек ара контролун жүзөгө ашыруу;
5) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Мамлекеттик чек ара жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу, Мамлекеттик чек араны делимитациялоого, демаркациялоого, кайра демаркациялоого катышуу;
6) Кыргыз Республикасынын коргоо жана улуттук коопсуздук маселелерин чечүүгө катышуу;
7) Мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын коргоого катышуу;
8) чек ара мейкиндигинде жарандарды, жаратылыш байлыктарын жана айлана-чөйрөнү коргоодо, Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын сактоодо Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана жаратылышты коргоо органдарына көмөк көрсөтүү.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-42" title="42-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>