# 40-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 40-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-40

---

1. Чек арага чектеш райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленүүчү ыйгарым укуктарына ылайык өздөрүнүн аймактарында:

1) юридикалык жана жеке жактарга Мамлекеттик чек ара жөнүндө ченемдик укуктук актыларды түшүндүрүүнү уюштурат;

2) жарандарды ыктыярдуу башталыштарда Мамлекеттик чек араны кайтарууга тартууга шарттарды түзүшөт жана көмөктөшөт;

3) Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтөт;

4) Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарында мыйзам менен бекитилген тартипте акысыз пайдаланууга жерлерди бөлүп берет;

5) Мамлекеттик чек аранын жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнүн инфратүзүмүн күтүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө катышат.

2. Чек арага чектеш райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери чарбалык маселелерди чечүүдө чек ара өкүлдөрүнүн ишине, анын ичинде Мамлекеттик чек арадагы чектеш тараптар менен бирдикте катышат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-41)
