40-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
1. Чек арага чектеш райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленүүчү ыйгарым укуктарына ылайык өздөрүнүн аймактарында:
1) юридикалык жана жеке жактарга Мамлекеттик чек ара жөнүндө ченемдик укуктук актыларды түшүндүрүүнү уюштурат;
2) жарандарды ыктыярдуу башталыштарда Мамлекеттик чек араны кайтарууга тартууга шарттарды түзүшөт жана көмөктөшөт;
3) Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтөт;
4) Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарында мыйзам менен бекитилген тартипте акысыз пайдаланууга жерлерди бөлүп берет;
5) Мамлекеттик чек аранын жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнүн инфратүзүмүн күтүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө катышат.
2. Чек арага чектеш райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери чарбалык маселелерди чечүүдө чек ара өкүлдөрүнүн ишине, анын ичинде Мамлекеттик чек арадагы чектеш тараптар менен бирдикте катышат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-40" title="40-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>