# 4-берене. Мамлекеттик чек араны кайтаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 4-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-4

---

1. Мамлекеттик чек араны кайтаруу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы мамлекеттик тутумунун ажыралгыс бөлүгү болуп саналат жана саясий, укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, экологиялык, техникалык, ыкчам, аскердик жана башка чаралардын тутумун төмөнкүлөр боюнча жүзөгө ашыруудан турат:

1) Мамлекеттик чек аранын белгиленген өтүшүн укукка каршы, зомбулук менен өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын аймагындагы участокторду чектеш мамлекеттердин же алардын жарандарынын мыйзамсыз пайдаланышына (өздөштүрүшүнө) жол бербөө боюнча;

2) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген Мамлекеттик чек арада укуктук мамилелердин юридикалык жана жеке жактар тарабынан сакталышын, ошондой эле Мамлекеттик чек араны, Мамлекеттик чек ара режимин, чек ара режимин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуунун белгилерин жана фактыларын табуу жана бөгөт коюу өбөлгөлөрүн камсыз кылуу боюнча.

2. Мамлекеттик чек араны түздөн-түз кургак жерде, чек ара боюндагы дарыяларда жана башка көлмө-сууларда кайтаруу Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга; аба мейкиндигин кайтаруу - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына жүктөлөт.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-5)
