# 38-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 38-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-38

---

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана мыйзамдарында каралган формада жана тартипте өткөрүлүүчү жүктөргө, товарларга, унаа каражаттарына жана жаныбарларга карата контролдоонун бажы жана башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу;

2) өз компетенциясынын чектеринде контролдоонун бажы жана башка түрлөрүн уюштуруу, Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылуучу унаа каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштуруу;

3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;

4) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларынын режимин камсыздоо маселелери жана чек ара коопсуздугуна таасир этүүчү башка маалыматтарды берүү;

5) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-39)
