38-берене. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана мыйзамдарында каралган формада жана тартипте өткөрүлүүчү жүктөргө, товарларга, унаа каражаттарына жана жаныбарларга карата контролдоонун бажы жана башка түрлөрүн жүзөгө ашыруу;
2) өз компетенциясынын чектеринде контролдоонун бажы жана башка түрлөрүн уюштуруу, Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарылуучу унаа каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга уруксат берүүчү документтерди жол-жоболоштуруу;
3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
4) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларынын режимин камсыздоо маселелери жана чек ара коопсуздугуна таасир этүүчү башка маалыматтарды берүү;
5) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-38" title="38-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>