# 36-берене. Унаа жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 36-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-36

---

Унаа жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) өзүнүн компетенциясынын чектеринде аба, темир жол өткөрүү пункттарынын инфратүзүмүн түзүү;

2) чек арага чектеш аймактардын кире бериштерине жол (маалымат) белгилерин орнотуу;

3) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-37)
