# 35-берене. Ички иштер маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 35-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-35

---

Ички иштер маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) чек арага чектеш аймактарда административдик-режимдик иш-чараларды өткөрүүдө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көмөк көрсөтүү;

2) Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарындагы укуктук тартиптин абалы, аныкталган укукка каршы аракеттер, Мамлекеттик чек ара мамилелерине карата укукка каршы умтулуулары бар кылмыштуу топтор жана адамдар жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүкчөлөрүнө маалымдоо;

3) Мамлекеттик чек арада жана Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш райондорунда жалпы иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти камсыз кылуу;

4) өзгөчө кырдаалдар келип чыкканда, өзгөчө абал режими киргизилгенде Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарында укуктук тартипти камсыз кылуу;

5) Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарынын калкына укуктук таалим-тарбиялоого, Мамлекеттик чек арада жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында укук бузуулардын алдын алууга катышуу;

6) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик чек араны кайтарууда ички иштер маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күчтөрүнүн жана каражаттарынын катышуусун камсыз кылуу;

7) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар менен каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-36)
