# 33-берене. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 33-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-33

---

Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелери карамагында болгон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мамлекеттик бийлик органдары менен бирдикте юридикалык жана жеке жактардын ишине тиешеси бар, Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарын козгогон ченемдик укуктук актыларды даярдоого катышуу;

2) Мамлекеттик чек араны делимитациялоого, демаркациялоого жана кайра демаркациялоого катышуу;

3) Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугуна коркунучтар жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана жалпылоону жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алар жөнүндө белгиленген тартипте маалымдоону жүзөгө ашыруу;

4) Мамлекеттик чек араны кайтарууну камсыз кылууда Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана өз ара аракеттенүү пландарынын негизинде көмөк көрсөтүү.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-34)
