# 32-берене. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 32-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-32

---

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) Мамлекеттик чек араны кайтаруунун тышкы саясий, эл аралык-укуктук камсыз кылууну жүзөгө ашыруу;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдеринин негизинде Мамлекеттик чек арада өз ара мамилелерди жөнгө салуу маселелери боюнча эл аралык келишимдерди иштеп чыгуу;

3) өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү, Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу укугуна документтерди жол-жоболоштуруу;

4) мамлекеттик чек араны делимитациялоо, демаркациялоо жана кайра демаркациялоо менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоо, Мамлекеттик чек ара режими жөнүндө келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу;

5) Мамлекеттик чек ара режимин сактоо маселелерин жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынбаган чек ара араздашууларын дипломатиялык каражаттар жана ыкмалар менен чечүү;

6) чектеш мамлекеттер менен чек ара өкүлдөрүнүн тизмелерин алмашууну жүзөгө ашыруу;

7) Мамлекеттик чек араны делимитациялоого катышуу;

8) Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-33)
