# 24-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы чек ара контролу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 24-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-24

---

Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы чек ара контролу адамдарга, унаа каражаттарына, жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата мамлекеттик контролдоонун түрлөрүнүн бири болуп саналат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) документтерди текшерүү;

2) унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ташууну коштоп жүрүүнү;

3) унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды карап чыгууну;

4) Мамлекеттик чек аркылуу өтүүчү унаа каражаттарын, жүктөрдү, товарларды кароо төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:

а) аларда жашырынып жаткан Мамлекеттик чек араны бузуучуларды табуу жана кармоо;

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен Кыргыз Республикасына киргизилүүгө же Кыргыз Республикасынан алып чыгууга тыюу салынган жүктөрдү жана товарларды табуу. Унаа каражаттарды жана алар ташып өткөн жүктөрдү жана товарларды чек ара кезметтеринин кароосу болот;

5) жеке кароо;

6) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын жайларын жана аймагын карап чыгуу.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-25)
