# 23-берене. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режим

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278742..1278743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 23-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-23

---

1. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режим, мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн гана орнотулуучу ушул пункттарга адамдардын, унаа каражаттарынын кирүү (чыгуу), аларда болуу жана чыгуу, жүктөрдү, товарларды, жаныбарларды алып кирүү жана алып чыгуу эрежелерин камтыйт.

Өткөрүү пунктунун аймагы режимдик болуп саналат.

2. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленет.

3. Өткөрүү пункттарындагы режим төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү болтурбоого тийиш:

1) адамдардын жана унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүсүн;

2) жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүсүн;

3) бөтөн адамдардын өткөрүү пункттарындагы жабык жерлерге, жайларга (объекттерге), ошондой эле чет өлкөгө бара жаткан унаа каражаттарына кирүүсүн.

(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-24)
