# 20-берене. Чек арага чектеш аймактардын чектеринде чарбалык, аңчылык жана башка иштерди, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды жүргүзүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278742..1278743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 20-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-20

---

1. Чек ара режими белгиленген чек арага чектеш аймактардын чектеринде чарбалык, аңчылык жана башка иштерди, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чаралар инсандыгын ырастаган анык документтердин негизинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен жүзөгө ашырылат. Бул иштер чек ара режимине кедергисин тийгизбөөгө тийиш.

2. Чек арага чектеш аймактарга кирүүнүн, убактылуу болуунун, чарбалык жана башка иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-21)
