# 19-берене. Чек арага чектеш аймактардын чектерине кирүү, убактылуу болуу, жашоо жана жер которуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 19-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-19

---

1. Чек ара режими белгиленбеген жерлерде белгилүү бир чек арага чектеш аймактардын чектерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсү, убактылуу болуусу жана жер которуусу, алардын инсандыгын ырастоочу анык документтердин негизинде Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен жүзөгө ашырылат.

2. Чек ара режими белгиленген жерлерде белгилүү бир чек арага чектеш аймактардын чектерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсү, убактылуу болуусу жана жер которуусу, алардын инсандыгын ырастоочу анык документтердин негизинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен жүзөгө ашырылат.

Чек ара режими белгиленген кыргыз тарабынын чек ара дарыяларынын жана башка көлмөлөрүнүн сууларына карата жеткиликтүүлүк алардын чектеринде ушундай эле тартипте аныкталат,

3. Транзит менен өтүп жаткан адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө (чыгууга) укук берүүчү анык документтер боюнча чек арага чектеш аймактардын чектеринде жайгашкан автомобиль жолдору боюнча кирүүгө, убактылуу болууга жана жер которууга уруксат берилет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-20)
