Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-берене. Чек арага чектеш аймактардын чектерине кирүү, убактылуу болуу, жашоо жана жер которуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-глава
1. Чек ара режими белгиленбеген жерлерде белгилүү бир чек арага чектеш аймактардын чектерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсү, убактылуу болуусу жана жер которуусу, алардын инсандыгын ырастоочу анык документтердин негизинде Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен жүзөгө ашырылат.
2. Чек ара режими белгиленген жерлерде белгилүү бир чек арага чектеш аймактардын чектерине Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсү, убактылуу болуусу жана жер которуусу, алардын инсандыгын ырастоочу анык документтердин негизинде калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен жүзөгө ашырылат.
Чек ара режими белгиленген кыргыз тарабынын чек ара дарыяларынын жана башка көлмөлөрүнүн сууларына карата жеткиликтүүлүк алардын чектеринде ушундай эле тартипте аныкталат,
3. Транзит менен өтүп жаткан адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө (чыгууга) укук берүүчү анык документтер боюнча чек арага чектеш аймактардын чектеринде жайгашкан автомобиль жолдору боюнча кирүүгө, убактылуу болууга жана жер которууга уруксат берилет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 292 "Өзгөчө калктуу конуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 24.04.2006 · № 292 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-19" title="19-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>