# 18-берене. Чек ара режимин белгилөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278742..1278743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 18-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-18

---

1. Чек ара режими Мамлекеттик чек арада талаптагыдай тартипти камсыз кылуу, Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Чек ара режими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган чек арага чектеш аймактардын чектерине жарандардын кирүү, чыгуу, убактылуу болуу, жер которуу, жашоо жана чарбалык жумуштарды жана башка иштерди жүргүзүү тартибин жөнгө салат.

3. Айрым чек арага чектеш аймактарда жердин мүнөзүнө, рельефине, демографиясына, айлана-чөйрөнү коргоого жана Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен мамилелерине жараша чек ара режими белгиленбеши мүмкүн, бирок мындай участоктордо Мамлекеттик чек араны кайтаруу кызыкчылыктарында режимдик иш-чаралар өткөрүлүшү мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-19)
