# 17-берене. Мамлекеттик чек араны бузуучулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 17-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-17

---

1. Мамлекеттик чек араны бузуучулар деп төмөнкүлөр таанылат:

1) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктунан тышкары же өткөрүү пункттарында аны кесип өтүүнүн белгиленген тартибин бузуу менен ар кандай ыкма менен Мамлекеттик чек араны кесип өткөн же кесип өтүүгө аракеттенген адамдар;

2) Кыргыз Республикасына мыйзамсыз кирүү же болбосо Кыргыз Республикасынан чыгуу максатында унаа каражаттарына кирип алган адамдар;

3) аба коридорлорунан тышкары, талаптагыдай уруксатсыз же белгиленген тартипти бузуу менен Мамлекеттик чек араны кесип өткөн аба кемелери жана башка учуучу аппараттар;

4) белгиленген уруксатсыз же белгиленген тартипти бузуу менен Мамлекеттик чек араны кесип өткөн же кесип өтүүгө аракет кылган башка адамдар, ар кандай техникалык же башка каражаттар.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жоопкерчиликке тартылышат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-18)
