17-берене. Мамлекеттик чек араны бузуучулар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Мамлекеттик чек араны бузуучулар деп төмөнкүлөр таанылат:
1) Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пунктунан тышкары же өткөрүү пункттарында аны кесип өтүүнүн белгиленген тартибин бузуу менен ар кандай ыкма менен Мамлекеттик чек араны кесип өткөн же кесип өтүүгө аракеттенген адамдар;
2) Кыргыз Республикасына мыйзамсыз кирүү же болбосо Кыргыз Республикасынан чыгуу максатында унаа каражаттарына кирип алган адамдар;
3) аба коридорлорунан тышкары, талаптагыдай уруксатсыз же белгиленген тартипти бузуу менен Мамлекеттик чек араны кесип өткөн аба кемелери жана башка учуучу аппараттар;
4) белгиленген уруксатсыз же белгиленген тартипти бузуу менен Мамлекеттик чек араны кесип өткөн же кесип өтүүгө аракет кылган башка адамдар, ар кандай техникалык же башка каражаттар.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жоопкерчиликке тартылышат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>