# 16-берене. Мамлекеттик чек ара режимин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 16-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-16

---

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара режимин бузуу - төмөнкү эрежелерди сактабаган укук бузуу болот:

1) Мамлекеттик чек араны күтүү;

2) адамдардын жана унаа каражаттарынын Мамлекеттик чек араны кесип өтүшү;

3) Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү;

4) Мамлекеттик чек ара аркылуу адамдарды, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды алып өткөрүү;

5) чек ара тилкесине кирүү, убактылуу туруу, жашоо, жүрүү жана чек ара тилкесинин үстүнөн учууларды жүзөгө ашыруу;

6) Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде чарбалык, аңчылык жана башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-17)
