# 15-берене. Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278742..1278743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 15-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-15

---

1. Мамлекеттик чек аранын белгиленген режимин күтүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле Мамлекеттик чек ара участокторундагы чек ара араздашууларын жөнгө салуу үчүн Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү дайындалат.

2. Чек ара өкүлдөрүнүн ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Чек ара өкүлдөрү өз иштеринде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алышат. Чек ара өкүлдөрүнүн иши эл аралык кызматташтыктын формаларынын бири болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен достук мамилелерин өрчүтүүгө багытталган.

3. Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү тарабынан жөнгө салынбаган маселелер дипломатиялык каналдар боюнча жөнгө салынат.

(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-16)
