15-берене. Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Мамлекеттик чек аранын белгиленген режимин күтүүгө байланышкан маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле Мамлекеттик чек ара участокторундагы чек ара араздашууларын жөнгө салуу үчүн Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү дайындалат.
2. Чек ара өкүлдөрүнүн ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Чек ара өкүлдөрү өз иштеринде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алышат. Чек ара өкүлдөрүнүн иши эл аралык кызматташтыктын формаларынын бири болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын чектеш мамлекеттер менен достук мамилелерин өрчүтүүгө багытталган.
3. Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү тарабынан жөнгө салынбаган маселелер дипломатиялык каналдар боюнча жөнгө салынат.
(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
23.05.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Чек ара өкүлдөрүнүн ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Чек ара өкүлдөрү өз иштеринде Кыргыз … салынбаган маселелер дипломатиялык каналдар боюнча жөнгө салынат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>