# 14-берене. Чек ара араздашууларын чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 14-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-14

---

1. Чек ара араздашууларын чечүү чек ара өкүлдөрүнүн, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.

2. Чек ара араздашууларын чечүү бир тараптуу же чектеш мамлекеттер менен бирдикте изилдөө, Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттердин чек ара өкүлдөрүнүн жыйындарында чек ара араздашууларын карап чыгуу жолу менен жетишилет. Чек ара араздашуулары боюнча биргелешкен изилдөөлөр жана чек ара өкүлдөрүнүн башка жыйындары чек ара өкүлдөрү жолугуша турган пункттарда өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн иш түздөн-түз чек ара араздашуусу болгон жерде уюштурулушу мүмкүн.

3. Чек ара араздашууларын чечүү боюнча иш Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

Чек ара араздашууларын чечүүдө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган башка ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрүн тарта алат.

4. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөнгө салынбаган чек ара араздашуулары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан чечилет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-15)
