# 13-берене. Чек ара тилкесинде жана Мамлекеттик чек арада чарбалык, аңчылык жана башка иштерди, маданий жана башка жалпы иш-чараларды жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278742..1278743>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 13-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-13

---

1. Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде юридикалык жана жеке жактар тарабынан чарбалык, аңчылык же башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Өткөрмө алуу үчүн юридикалык жана жеке жактар иштин мүнөзү, орду, катышуучулар, жумуш жасоо убактысы же иш-чараларды өткөрүү, пайдаланылуучу унаа жана башка техникалык каражаттар жөнүндө маалыматтарды киргизишет.

3. Мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде чарбалык жана башка иштин бардык түрлөрүн жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Мамлекеттик чек арада (юридикалык жана жеке жактар тарабынан) чарбалык жана өндүрүштүк, анын ичинде трансчекаралык (биргелешкен) иштерди жүргүзүү Мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартибин сактоо, Мамлекеттик чек араны кесип өтүү жери, убактысы жана иш жүргүзүү, катышуучулардын саны, унаа каражаттары жана механизмдер жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн иштер: Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттердин экологиялык жана башка коопсуздугуна зыян келтирбөөгө же мындай зыян келтирүү коркунучун камтыбоого; Мамлекеттик чек ара режимине тоскоолдук жаратпоого тийиш.

5. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мамлекеттик чек араны кайтаруунун кызыкчылыктарын эске алуу менен чек ара тилкесине кирүүнү чектөөнү же убактылуу токтото турууну киргизе алат.

(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-14)
