13-берене. Чек ара тилкесинде жана Мамлекеттик чек арада чарбалык, аңчылык жана башка иштерди, маданий жана башка жалпы иш-чараларды жүргүзүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108
1. Мамлекеттик чек арада жана чек ара тилкесинде юридикалык жана жеке жактар тарабынан чарбалык, аңчылык же башка иштерди жүргүзүү, коомдук-саясий, маданий жана башка иш-чараларды өткөрүү Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Өткөрмө алуу үчүн юридикалык жана жеке жактар иштин мүнөзү, орду, катышуучулар, жумуш жасоо убактысы же иш-чараларды өткөрүү, пайдаланылуучу унаа жана башка техникалык каражаттар жөнүндө маалыматтарды киргизишет.
3. Мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде чарбалык жана башка иштин бардык түрлөрүн жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Мамлекеттик чек арада (юридикалык жана жеке жактар тарабынан) чарбалык жана өндүрүштүк, анын ичинде трансчекаралык (биргелешкен) иштерди жүргүзүү Мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартибин сактоо, Мамлекеттик чек араны кесип өтүү жери, убактысы жана иш жүргүзүү, катышуучулардын саны, унаа каражаттары жана механизмдер жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн иштер: Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттердин экологиялык жана башка коопсуздугуна зыян келтирбөөгө же мындай зыян келтирүү коркунучун камтыбоого; Мамлекеттик чек ара режимине тоскоолдук жаратпоого тийиш.
5. Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мамлекеттик чек араны кайтаруунун кызыкчылыктарын эске алуу менен чек ара тилкесине кирүүнү чектөөнү же убактылуу токтото турууну киргизе алат.
(КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
23.05.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…иштин бардык түрлөрүн жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Мамлекеттик чек арада (юридикалык жана жеке … кирүүнү чектөөнү же убактылуу токтото турууну киргизе алат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111141/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>