# 12-берене. Мамлекеттик чек арадан жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278743..1278744>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 12-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-12

---

1. Мамлекеттик чек арадан жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген жерлерде жана тартипте жүргүзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген экологиялык, радиациялык, санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык жана химиялык коопсуздуктардын талаптарына жооп бербеген жүктөрдү, товарларды жана унаа каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасында эркин сатууга тыюу салынган продукциялардын кандай болбосун түрлөрүн жана өндүрүш калдыктарын Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө тыюу салынат.

(КР 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-13)
