# 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111141)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 98
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 23.05.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 мая 2023 года № 108 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Государственной границе Кыргызской Республики" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141#diff=1278743..1278744>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111141/edition/1278739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111141/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө, 1-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-1

---

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы (мындан ары - Мамлекеттик чек ара) - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аймагынын (кургак жеринин, сууларынын, жер казынасынын жана аба мейкиндигинин) чектерин аныктаган тилке жана ал тилке боюнча өтүүчү тик бет, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү өкүм сүргөн мейкиндиктин чеги; өткөрүү пунктундагы мамлекеттик контроль - Мамлекеттик чек арадан өтүүчү адамдарга жана транспорт каражаттарына, ошондой эле Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүчү жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга карата чек аралык, бажылык, санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык контроль, баңги каражаттарын жүгүртүүгө контроль жана контролдун башка түрлөрү; Мамлекеттик чек араны делимитациялоо - Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин ортосундагы Мамлекеттик чек арадан өтүү карталары боюнча кеңири сыпаттоону түзүү менен келишимдик аныктоо; Мамлекеттик чек араны демаркациялоо - Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө келишимдердин (макулдашуулардын) негизинде жүзөгө ашырылуучу Мамлекеттик чек ара тилкелерин жеринде так аныктоо жана чек ара белгилери менен белгилөө; анык документ - аны берген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан белгиленген үлгүлөргө бардык бөлүктөрү жана маалым даректери туура келген, ага укуктуу органдар тарабынан тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган, мөөнөтү өтүп кетпеген, көрсөтүүчүгө таандык болгон жана жасалмалары жок инсандыкты ырастоочу документ; инсандыкты ырастоочу документ - эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, үлгүсү дипломатиялык каналдар боюнча жиберилген жана Кыргыз Республикасында ушундай сапатта таанылган Мамлекеттик чек арадан өтүүчү адамдын статусун тастыктоочу документ; Мамлекеттик чек аранын инфратүзүмү - Мамлекеттик чек араны кайтаруу максатында курулуучу, жабдылуучу жана пайдаланылуучу чектердин, объекттердин, гидротехникалык, инженердик жана башка курулмалардын жана тосмолордун комплекси; чек ара коопсуздугу чек ара мейкиндигинде ички жана тышкы коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун курамдык бөлүгү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат; чек ара саясаты мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чек ара коопсуздугун камсыз кылууга багытталган координацияланган, макулдашылган иштери; чек ара араздашуусу - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди бузууда көрүнгөн чектеш мамлекеттердин жарандарынын, аскер кызматчыларынын же жергиликтүү бийликтеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында келип чыккан, чектеш мамлекеттердин кызыкчылыктарын козгогон жана Мамлекеттик чек ара режимин бузуу же материалдык же башка зыян келтирүү менен байланышкан Мамлекеттик чек арадагы окуя; чек ара чыр-чатагы - Мамлекеттик чек арадан өтүүчү жарандардын жана өткөрүү пунктунда Мамлекеттик чек араны кайтарууну же контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийлик органдарынын расмий өкүлдөрүнүн карама-каршы кызыкчылыктарынын алардын ортосундагы ачык каршы аракеттеринен көрүнгөн кокусунан же атайылап уюштурулган араздашуусу. Чыр-чатактар кыска мөөнөттүү, узак мөөнөттүү же созуктурулган болушу мүмкүн; чек ара контролу - Кыргыз Республикасына кирүүчү адамдардын Мамлекеттик чек арадан өтүүсү үчүн мыйзамдык негиздерди таануу боюнча аракеттердин комплексин жүргүзүүдөн, же болбосо Кыргыз Республикасынан чыга турган адамдарга мамлекеттик чек арадан өтүүгө уруксат берүүдөн, ошондой эле Мамлекеттик чек араны бузуучуларды табуу жана кармоо боюнча аракеттерди жүзөгө ашыруудан турган, ал эми мыйзамдарда белгиленген учурларда, Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууга мыйзамдар менен тыюу салынган жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды табуу жана кармоо боюнча Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы мамлекеттик контролдоонун түрү; чек ара тилкеси - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу чектерде кирүүнүн, убактылуу жашоонун, орун которуунун жана иш жүргүзүүнүн өзгөчө режими киргизилген Мамлекеттик чек арага жанашкан аймактын бөлүгү; Кыргыз Республикасынын чек ара мейкиндиги - Мамлекеттик чек ара жана Кыргыз Республикасынын ага туташ жайгашкан аймагы, ошондой эле чектеринде чек ара иштери жүзөгө ашырылуучу Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарынын аймагы; чек ара өкүлдөрү - Мамлекеттик чек аранын белгиленген режимин кармоо менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн, ошондой эле чек ара араздашууларын жана чыр-чатактарын жөнгө салуу үчүн жалпы чек аранын белгилүү бир участкасына дайындалуучу чектеш мамлекеттердин ыйгарым укуктуулары; чек ара режими - Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында гана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү чек арага чектеш аймактарга кирүү, жашоо, орун которуу, жер которуу жана иш жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу ченемдердин жана эрежелердин тутуму; чек ара ыйгарым укуктуулары - чек арага чектеш аймактын чектеринде туруктуу негизде түздөн-түз жашап жаткан, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен эмгек мамилелеринде турган адамдар; Мамлекеттик чек араны кесип өтүү - Мамлекеттик чек араны адамдардын, аба кемелеринин жана башка унаа каражаттарынын кесип өтүшү жана жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү; чек арага канатташ аймак - Мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан, анын чектеринде чек аралык режим белгиленүүчү жана колдонулуучу административдик-аймактык бирдиктин (райондун, шаардын, айылдын) чектериндеги аймак; Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункту - эл аралык катнаштар (эл аралык учуулар) үчүн ачык темир жол бекетинин (чордонунун), аэропорттун, аэродромдун чегиндеги аймак, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик чек ара аркылуу өтүүчү жарандарга, унаа каражаттарына, алынып өтүүчү жүктөргө, товарларга жана жаныбарларга мамлекеттик контролдоо жана өткөрүү жүзөгө ашырылуучу Мамлекеттик чек арага түздөн-түз жакын атайын жабдылган жер; чек ара белгилери - жасалма узак мөөнөттүү курулуштар - чектеш мамлекеттер менен Мамлекеттик чек ара тилкелерине орнотулуучу мамылар. Чек ара белгилери негизги жана өз аралык болот. Чек ара белгилеринин формалары, өлчөмдөрү, алардын сыпаттамасы жана орнотуу тартиби Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат; чек ара кезмети - Мамлекеттик чек араны кайтаруу буйругун аткарган бир же бир нече куралдуу чек арачы; Мамлекеттик чек ара режими - Мамлекеттик чек араны күтүүнүн, аны адамдардын жана унаа каражаттарынын кесип өтүүсүнүн, Мамлекеттик чек ара аркылуу жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүүнүн, Мамлекеттик чек арада чарбалык, аңчылык жана башка иштерди жүргүзүүнүн, көрсөтүлгөн эрежелерди бузуу менен байланышкан чек ара араздашууларын чечүүнүн эл аралык келишимдер жана ченемдик укуктук актылар менен белгиленген эрежелери; чек араны кайра демаркациялоо - колдонуудагы келишимдик документтердин негизинде Мамлекеттик чек ара тилкелерин жеринде калыбына келтирүү жана аны чек ара белгилери менен белгилөө. Чек ара белгилерин оңдоо, жоголгондорун калыбына келтирүү жана кошумча белгилерди орнотуу, жаңы сыпаттама-протоколду, карталарды жана протоколдорду түзүүнү жана чек ара белгилеринин жайгашуусун карайт. Жаңы документтер тараптардын ар биринин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык бекитилүүгө тийиш; өткөрүү пункттарындагы режим - адамдардын, унаа каражаттарынын өткөрүү пункттарына келүүсүнүн (кирүүсүнүн), анда болуусунун, жер которуусунун жана чыгуусунун, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын болуусунун жана чыгуусунун (чыгаруунун), жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын болуусунун, алып кетүүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү тартиби; режимдик иш-чаралар - бул Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу жана Мамлекеттик чек ара режиминин, чек ара режиминин жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимдин сакталышын күчөтүлгөн контролун камтыган уюштуруу формасы; чектеш мамлекет - Кыргыз Республикасы менен Мамлекеттик чек аранын жалпы участогуна ээ болгон коңшу мамлекет; кызматтык жаныбарлар - чек ара мейкиндигинде мыйзам бузуулардын алдын алуу, табуу, белгилөө жана бөгөт коюу максатында чек ара кезметтерин күчөтүү, ошондой эле укук бузуучуну күч колдонуп, психологиялык жактан тосмолоо жана башка таасир көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу иттер жана жылкылар; атайын аракеттер - Мамлекеттик чек арада жана Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында укукка каршы аракеттерди болтурбоо максатында жүргүзүлүүчү аскердик, ыкчамдык, режимдик жана чек ара өкүлчүлүк иш-чараларынын комплекси; Мамлекеттик чек араны орнотуу - Мамлекеттик чек аранын өтүшүн документтик сыпаттоо, ошондой эле жана анын өтүшүн жеринде белгилөө; өткөрүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык эки жактуу келишимдерге жана макулдашууларга ылайык Кыргыз Республикасына кирүү жана Кыргыз Республикасынан чыгуу укугуна документтерди аныктоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттин жарандарын Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү тартиби; чарбалык жана башка иштер - Мамлекеттик чек араны кесип өтүү эрежелерин сактоо, Мамлекеттик чек араны кесип өтүү жери, убактысы жана иш жүргүзүү, катышуучулардын саны, пайдаланылуучу техникалык, унаа жана башка каражаттар жана механизмдер жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу иш. (КР 2023-жылдын 23-майындагы № 108, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111141/st-2)
